Бакыт Аманбаев
БИШКЕК. Тогуз жылга эркинен ажыратылган журналист Самаган Орозалиев ден-соолугунунун кескин начарлап кеткендигине байланыштуу Ысыккөл областынын Аксуу районунун 30-декабрдагы чечими менен абактан бошотулду. Бул тууралуу Самаган Орозалиев «Азаттык» радиосунун кабарчысына берген интервъюсунда маалымдады. «Бүгүнкү күндө менин ден-соолугум абак шартына жооп бербей калды. Ошондуктан, түрмө администрациясы өз жоопкерчилигинен коркуп, менен кутулалы деди окшойт, абактан чыгарышты», -деди Орозалиев.
Эске сала кетүүчү нерсе, Кыргыз телерадио корпорациясынын «Замана» берүүсүнүн Жалалабад, Ош областы боюнча кабарчысы Самаган Орозалиев Жалалабад областтык сотунун 2000-жылдын май айындагы чечими менен тогуз жылга эркинен ажыратылган. Областтык сот ага «айрым жергиликтүү бийлик жетекчилерин коркутуп, акча талап кылган» деген айып койгон.