Иранда кыз-келиндердин полицияда иштешине уруксат берилди.

Иранда 1979-жылкы ислам революциянан бери алгач ирет кыз-келиндердин полицияда кызмат өтөшүнө уруксат берилди. ИРНА агенттиги кабарлагандай, Ирандын полиция башчысы Мохтарам Масуд полициячы-аялдар эркек кесиптештери менен чогуу даярдалып-окутулаарын, бир гана оор курал-жарак, гранаталарды колдонууга машыктырылбасын айткан. Андан тышкары ал Ирандык аял-полициячылар ишин кыйналбай аткарыш үчүн паранжы кийбей тургандыгын, бирок алар үчүн атайын ыңгайлуу кийим даярдалып атканын кошумчалай кеткен.