Литванын мурдагы премьер-министри президенттик шайлоодо жеңип чыкты.

Шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, добуш берүүнүн ушул жекшемби күнү өткөн экинчи айлампасынын баштапкы жыйынтыктары, шайлоочулардын 55 % өлкөнүн мурдагы өкмөт башчысы Роландас Паксасты, 45 % Литванын азыркы президенти Валдас Адамкусту жактагынан көргөздү. В.Адамкус жеңилгенин моюнга алып, атаандашын куттуктады.
Мурдагы премьер-министр, 46 жаштагы Роландас Паксастын шайлоодогу жеңиши күтүлбөгөн окуя болду. «Биздин стратегиялык максат – Европа Биримдиги менен НАТОдогу мүчөлүгүбүз, жакшы ынтымакташтыктын принициптерин кармануу. Литванын эр аралык уюмдардагы мүчөлүгү - биздин тышкы саясаттын приоритети бойдон калат», - деп айтты Литванын жаңы шайланган президенти Роландас Паксас дүйшөмбү күнү, Вильнюстагы басма сөз жыйынында.