Британия Перс булуңуна жибериле турган 7 миңдей резервистти аскерге чакырышы күтүлүүдө

Бүгүн Британия Перс булуңуна жибериле турган 7 миң чакты резервистти активдүү аскер кызматына чакырат деп күтүлүүдө. Франциянын президенти Жак Ширак да француз аскерлерине чоң казатка даяр турууга чакырды, ошол эле убакта,
Бириккен Улуттардын Ирак боюнча резолюцияларына айрыкча көңүл буруу керектигин белгиледи.
АКШ менен Британия кечээ Перс булуңуна согуш кемелерин жиберип жаткандыгын кабарлашкан, бирок Кытай, Иракка каршы чара көрүүдөн мурда, Бириккен Улуттар Уюумунун Коопсуздук Кеңешине Ирактын ишин караганга убакыт берүүгө чакырды.