КЫРГЫЗ КООМУНДАГЫ ЖАШТАРДЫ ТАРБИЯЛОО МАСЕЛЕСИ

Мурат Кожобеков, Бишкек Улуттук ыймандын күйөрмандары канчалык өкүнбөсүн, эскини кайрып болбойт. Эшикте глобалдашуу заманы шыкаалап, эртең кыргыз коому ага аралашаарын туйган жакшы.
Кыргыз тарыхынын 2200 жылдык кыйырында балким, ХХ кылымдай доор болбосо керек. Буга чейин көмөкчүлүк турмуштун жайбаракат арабасын кылдыратып келген кыргыздар кыска убакыт аралыгында кескин өзгөрүүлөрдү башынан кечиришти. XIX кылымда эле «узун чөптү оруп, кыска чөптү коруган орус келет экен» деп саймедиреген заманачылардын айтканы келип, кыргыздар бөлөк эл, бөтөн маданият менен таанышты. Ал түгүл Октябрь төңкөрүшүнөн кийин ата-бабалары жээрип келген жер тамда жашай башташты. Буга чейин эч кимге баш ийбеген кыргыздар сай-сайдагы бийлигинен ажырап, бирдей ойлонуп, бирдей сүйлөгөн совет коомуна киришти. Мурда колуна кетмен кармабаган малчылар эми дыйканчылыкты үйрөнүшүп, бара-бара шаарларда жашап, завод-фабрикаларда иштеп калышты.

Эски заманда колу-жөнү бош кыргыздар балдарын тарбиялап, өзүнүн жүрүм-туруму менен жаштарга өрнөк болуп келсе, эми алар таң аткандан жумушка кетип, кечинде агартуу ийримдерине катышып, «Интернационалды» ырдоо менен күн өткөрүштү. Бир жумалык оор вахтадан кийин ыроологон демалыш күндөр, эмгекке көнбөгөн малчыларга бейиш сыяктуу сезилип, аны жалаң арак-шарапка арнап сайран курууну өнөкөткө айландырышты.

Тактап айтканда, кыргыздар кыска убакытта эскиден табериктелип келген «улууга урмат, кичүүгө ызат» деген наркы бийик таалим-тарбиясын колдон жулдуруп жиберди десек аша чаппайбыз. Анткени, коомдук иштен колу бошобогон, дем алыш күндөрү той, майрамдан башы арылбаган ата-эненин тарбия ишин толугу менен мамлекет өз колуна алды. Наристелер балдар бакчасына алынып, керээлден кечке советтик методологияга ылайык калыптанып жатты. Өспүрүмдүн андан кийинки убактысы мектеп партасындагы октябряттык даярдыктан кийин, пионердик такшалууда болуп, идея үчүн аталарын саткан Павлик Морозов менен Кычан Жакыповдордун өрнөгүн үйрөнүү менен өттү. Жалаң коммунисттик идеологияга таянган советтик педогогика кыргыздардын жаңы муундагы жаштарын кечээги ата-бабаларынын маданиятына, адет-ырасимине каршы койду. Совет доорундагы отурукташуу саясатынын ийгиликтүү жүзөгө ашыралышы менен кыргыздардын маданиятында жана салт-санаасында революциялык өзгөрүүлөр жүрдү. Ал эми таалим-тарбия жагынан алганда бул мезгилде эски муун менен жаңы муундун ортосунда кагылыш болгондугун моюнга алышыбыз абзел. Бүгүнкү күндө айрым маалымдоо каражаттары “өткөн салтыбызды кайрып, ыйманыбызды калыбына келтирүү зарыл” деп, утопиялык ой азгырыгына алдырып келишет. Эмнегедир, улут көйгөйүнө күйгөндөр азыркы турмуш чындыгын баамдагылары келбегени кызык. Кээ бир телекөрсөтүүлөрдө кыргыздардын салты менен кошо диний түшүнүктөр аралаштырылып, ансыз да турмуш капсалаңына кабылган калктын эсин эки кылып аткандыгы таң калыштуу.

Эгер биз, бүгүнкү жашоонун ачуу чындыгын моюнга алсак, анда азыр кыргыз коомчулугу жаштардан, келечегинен айрылып калуу коркунучуна кабылганын билишибиз абзел. Совет доорунда жаралган муундар ортосундагы кагылыш, бүгүнкү базар экономикасынын шартында оркоюп эле көрүнүп калбай, өкүнүчтүүсү, ажырым улам чоңоюп баратат.

Улуттук ыймандын күйөрмандары канчалык өкүнбөсүн, эскини кайрып болбойт. Эшикте глобалдашуу заманы шыкаалап, эртең кыргыз коому ага аралашаарын туйган жакшы.

Эми анча алыс кетпей, бүгүнкү күндүн чындыгына кайрылсак, анда кыргыздардын келечегине кандай балта чабылып жатканын баамдайбыз. Албетте, ал - миңдеген үй-бүлөнү мүңкүрөткөн базар экономикасы. Завод, фабрикалар иштебей, ишканалар токтоп, жүз миңдеген адамдар көчөгө ыргытылып, бош калышты. Канчалаган адамдар үйүн таштап, балдарын багуу максатында жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөн бакыт издеп кетишти. Айрым адамдар турмуштун мындай катаал сыноосуна чыдабай, ичкиликке алдырып, жаш муунга терс таасирин тийгизип жатканы жаңылык эмес.

Эгер чындап моюнга алсак, кыргыз элинде жаштарды тарбиялоо иши калыптана элек. Ата-бабалардан аздыр-көптүр сакталган мурдагы тарбия иши бүгүнкү базар экономикасына чыдабай чалдыбары чыгып барат. Азыркы жаштар аталардан өрнөк албай, начар сапаттагы телепрограммалардан, бекерчилик баскан көчөдөн таалим көрүп, бабалардын нускалуу салт-санаасын унутуп жатканы өкүнүчтүү.