Президенттик администрациянын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы дайындалды

Президент Аскар Акаевдин 9-январдагы жардыгы менен бул кызматка Болот Жанузаков бекитилди. Буга чейин Болот Жанузаков президенттин коомчулук менен байланыштар боюнча кеңешчиси болуп иштеген. Бул тууралуу бейшемби күнү президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.