Кайрылууда АКШнын Иракка каршы болжолдонуп жаткан агрессиясын токтотуу зарылдыгы айтылат. Чакырыкта “дүйнөлүк эки согуштагы, Вьетнамдагы, Ооганстандагы, Чеченстандагы, Жакынкы Чыгыштагы кыргындарда миллиондогон адамдардын набыт болгону” эске салынат. Кайрылууга кол койгондор кокус Кошмо Штаттары Иракка кол салса,согушка башка мамлекеттер да тартылып, дүйнөлүк үчүнчү согуш тутанып кетиши ыктымал деген чочулоосун билдиришкен.