Эң оор жагдай Ленинград областынын Тихвин районунда түзүлдү. Анда 13 миң тургун отун-суусуз отурушат. Валдай шаарында көп квартиралуу 18 үйгө бир жумадан бери жылуулук берилбейт. Чукул кырдаалдар министрлиги баары болуп өлкөнүн 60 шаар-кыштагында жылуулук берүү системалары аварияга учураганын айтат.