Бишкекте кургак учукка каршы күрөшүү боюнча эл аралык конференция болот

БИШКЕК. 14-январдан 16-январга чейин Бишкектеги «Аккеме-Пынар» мейманканасында «Чыгыш Европа менен Борбордук Азияда кургак учук оорусуна каршы күрөшүү ыкмаларын жайылтуу» деп аталган эл аралык конференция өткөрүлөт. Аталган жыйынга дүйнөдөгү он үч мамлекеттин жана Кыргызстандын саламаттык сактоо мекемелеринин адистери катышат. Жыйынды Америка Кошмо Штаттарынын ЮСАИД агенттиги жана Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги уюштурууда.
Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун маалыматына караганда, учурда мындай илдет менен дүйнөнүн дээрлик үчтөн бир бөлүгүнө жакын калкы жабыркайт. Мындан сырткары, күнүнө орто эсеп менен дүйнөдө 8 миллиондон ашуун адам кургак учукту жугузуп, жылына 2 миллионго жакын адам анын айынан өмүрүнөн айрылууда.