Орусия Түндүк Корея кризисин жөнгө салыш үчүн атайын өкүлүн Пхеньянга жиберет

МОСКВА. Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов ядролук програмага байланыштуу чыккан кризисти жөнгө салуу максаты менен жакын арада Түндүк Кореяга атайын өкүлүн жибере тургандыгын билдирди. Түзүлгөн жагдайды жөнгө салуу максатында министрдин орун басары Александр Лосюков Бейжинге, Пхеньянга жана Вашингтонго барат. Министр Орусия азыр кризисти чечүүнүн деталдарын талдап жатканын айтты. Кошмо Штаттардын Орусиядагы элчиси Александр Вершбоу ядролук программасын токтотууга көндүрүш үчүн Орусиянын Пхеньянга экономикалык кысым көрсөтүшүн талап кылууда. Ал эми Түндүк Корея болсо тирешүүнү АКШ менен түздөн-түз сүйлөшүү жүргүзүү аркылуу гана жөнгө салуу мүмкүн деп эсептейт.
Түндүк Корея маселесин талкуулоо үчүн бүгүн Бейжинге АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Джеймс Келли барды. Ал Бейжинден Түндүк Корея менен болгон жаңжалды чечүүгө көмөктөшүүсүн талап кылмакчы.
Бул кризисти, ядролук программанын үстүнөн иштөөнү жашыруун улантып жаткандыгы жөнүндө Түндүк Кореянын октябрьда жасаган билдирүүсү пайда кылган. Вашингтон Түндүк Корея атомдук бомба чыгарууга аракеттенип жатат деп шек санайт.