Референдумга байланыштуу ички иштер министрлигинде штаб түзүлдү

2-февралдагы элдик референдумду өткөрүүгө байланыштуу түзүлгөн штабдын жетекчилигине министрдин биринчи орун басары Расулберди Раимбердиев дайындалды. Министрликтин басма сөз кызматынын башчысы Жолдошбек Бусурманкулов ырастагандай, аталган штаб референдум мезгилинде республиканын жер-жерлеринде коомдук тартипке көзөмөлдүк кылат. Мындан тышкары министрликтин кызматкерлери 15- январдан баштап Бишкектеги «Учкун» басмаканасынын имараттын күчөтүлгөн режимде күзөтө баштады,бу жерде азыр референдумдун бюлллетендери басып чыгаруу башталды, деп кошумчалады Жолдошбек Бусурманкулов.