Багдад шаарында АКШга каршы демонстрациялар болуп өттү

17-январда жүздөгөн адам Багдаддын көчөлөрүнө чыгып, батыш өлкөлөрүнүн саясатына каршылык билдирди. Демонстрацияны өлкөнүн Журналисттер кошууну уюштурган, кошуунду болсо, президент Саддам Хусейндин улуу уулу Удай жетектейт. 1991-жылдын 17-январында Иракка каршы башталган согуштун 12 жылдыгы менен байланыштуу бүгүн Бахрейнде дагы антиамерикалык демонстрациялар болуп өттү.