Орус тышкы иштер министирлиги Улуу Британияны сынга алууда

Орусиянын тышкы иштер министирлиги 17-январда Улуу Британиянын жетекчилигин сынга алды, анткени британ өкмөтү Америка Кошмо Штаттарынын пайдалануусуна Англиянын түндүгүндөгү "Файлиңдейлс" аттуу радар түйүнүн берди. АКШ ал радарды - өзүнүн ракетадан коргонуу системасына кошууда. Америкада андай системанын курулушуна Маскөө катуу каршы, анткени аны менен АКШ - 1972-жылы кол коюлган Анти-ракеталык келишимден бир тараптуу чыгууда.