Ирактын жашыруун куралдарын үздөө дагы бир нече айда аяктайт

БУУнун атомдук энергия боюнча агентиги- МАГАТЭнин директору Мохаммед Ел-Барадейинин айтымында, БУУнун аскерий инспекциясы Ирактын кыргын салчу куралдарын издөөнү аягына чыгуусу үчүн дагы бир нече ай зарыл.
Инспекциянын башчысы Ханс Бликстин сөзүнчө: ”Ирак өкмөтү БУУга тапшырган декларация мурдатан калган көптөгөн олуттуу суроолорго жооп бербегенин биз туюп турабыз. Бул суроолор ачык бойдон калууда”.
Х. Бликс жана Ел-Барадейи мындай билдирүүлөрүн Багададдагы эки күндүк сапарын аяктап Афины шаарына келгенден кийин жасашты.