Референдумга саясий партия, коомдук уюмдардын байкоочулары көз салышат

2-февралда боло турган референдумду көзөмөлдөө боюнча саясий партиялар жана коомдук уюмдар түзгөн республикалык штабдын байкоочулары өлкөдөгү 2090 шайлоо участкасына көз салышат жана ар бир участкадагы байкоочусунун саны үчтөн кем болбойт. Мындай маалымат 22-январда штаб төрагасынын орун басары Жыпар Жекшеевден алынды. Анын маалыматына караганда, партиялардын, уюмдардын өкүлдөрүнөн тышкары азыр референдумда добуш берүүгө байкоо салууну каалаган ыктыярдуу жарандардын тизмеси түзүлүп жатат, алар Шайлоо Кодексининин 17-беренесинин талаптарына ылайык добуш берүүгө келген бардык адамдардын санын так алып, жасалмалуулукка жол бербөөгө аракет кылат.