Австралия Перс булуңуна аскер жөнөтмөк болду

Австралия ушул аптада Перс булуңуна өз аскерлерин жөнөтө баштайт. Өлкөнүн коргоо министринин маалымдашынча, АКШ башындагы күчтөргө барып кошулчу аскерлердин ичинде, Австралия армиясынын тандалма бөлүгү , учкучтар жана жардыруучу- адистердин командасы бар.
Британия регионго ушул аптада 26 миң аскер жөнөтүлөт деп убада берген.
Февралдын аягына чейин Иракка чектеш аймактарга америкалык 150 миң аскер жайгаштырылат деп күтүлүүдө.