Россиялык журналист Г. Пасько эркиндикке чыкты

Россиянын Ыраакы Чыгышындагы Уссурийск шаардык соту журналист Григорий Паськону абактан бошотту.
Мурдакы деңиз офицери Г. Пасько россиялык аскерий кемелердин радиоактивдүү таштандыларды Тынч океанга төккөнүн ашкерелеген макала жазганы үчүн кылмыш жообуна тартылып, 4 жылдан бери абакта эле.
Г. Паськонун адвокаттары, айыпкер жаза мөөнөтүнүн үчтөн эки бөлүгүн тартип бузбай өткөргөндүктөн, аны абактан мөөнөтүнөн эрте бошотууну сурап, мурда сотко кайрылышкан.
ИТАР-ТАСС агенттигинин маалымдашынча, журналист үлгүлүү жүрүм-туруму үчүн абактан эрте бошотулган.