Австралияда токойлор өрттөнүп,”тилсиз жоо” өлкөнүн борборун камалай баштады.
Өзгөчө Канберранын четиндеги обсерватория катуу жабыркады.Беш телескоп,устаканалар жана персоналдын жатак үйлөрү күйүп кетти.Борбор калаанын жака-белинде азыр "тилсиз жоо" менен өрт өчүрүүчүлөрдүн 4 миңдей мүчөсү күрөшүп жатат.