Бельгия жынысташтардын никеге турушун мыйзамдаштырды

Бельгиянын парламенти эркектер менен аялдарга өз жынысташтарына үйлөнүүгө уруксат берген мыйзам кабыл алды. Ошентип, Бельгия эки эркек, же эки аялдын бири-бирине үйлөнүп, турмуш курушуна мыйзамдуу түрдө уруксат берген Голландиядан кийинки эле дүйнөдөгү 2-мамлекет болуп калды. Аталган мыйзам боюнча, бир жыныстуу үй-бүлө кадимки үй-бүлөлөргө тийиштүү мураскорлук, бала багып алуу өңдүү ж.б. укуктарга ээ болот. Мыйзам жакынкы 4 ай аралыгында күчүнө кирмекчи.