Чеченстанда алты орус, үч козголоңчу курман болду

Чеченстандагы соңку кагылышууда орус армиясынын aлты аскери жана үч чечен козголоңчу каза тапты.
Чечен кол башчысына шилтеме берип, АФП агенттиги билдиргендей, төрт аскер түштүк-чыгыштагы Шали жана Ведено аймактарында минага жарылып, курман болушту, дагы экөө Грозныйдын жанында окко учту.
Козголоңчулар ошондой эле Нозхай-Юрт аймагындагы атышууда эки кишиси курман болгонун билдиришти. Анын аралыгында, ИТАР-ТАСС агенттиги Грозныйда оодандык полиция башчысы бомбага жарылып каза тапканын маалымдады.