ОШ. Талапкерлердин улам-улам соттошуусуна байланыштуу 3 айдан бери өтпөй турган депутаттык шайлоонун экинчи айлампасын 16-февраль күнү өткөрүү тууралуу чечим 4-февраль күнү № 35 «Ош-3000» округдук шайлоо комиссиясынын отурумунда кабыл алынды. Шайлоонун экинчи айлампасына Транспорт жана коммуникация министрлигинин жооптуу кызматкери Мамасадык Бакиров менен Ош мамлекеттик университетинин проректору Мухтар Орозбековдун талапкерлиги коюлат. Үстүбүздөгү жылдын 21-январында Ош шаардык соту алардын талапкерлигинин мыйзамдуулугун тастыктаган чечим чыгарган.