Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл 5-февралда Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешин Ирак өзүнүн кеңири кыруучу куралдарын жашырып жаткандыгы тууралуу далилдер менен тааныштырууга тийиш. Ирак президентинин кеңешчиси Амир ал-Саадинин айтымында, эгер АКШда андай далилдер бар болсо, алар эл аралык текшерүүчүлөргө берилиш керек болчу. Австралиянын премьер-министри Жон Ховард 4-февралда атайын билдирүү жасап, Иракка каршы күч колдонуу үчүн, Бириккен Улуттар тарабынан ноябрь айында кабыл алынган чечим деле жетиштүү деп билдирди.