Орусиянын Дагестан жумуриятында ич келте табылды

5-февралда Орусиянын Дагестан жумуриятында 22 адам ич келтеси менен ооруган деген шек менен ооруканага жаткырылды. Дагестандын борбору Махачкала шаарынан оору чыккан Сулейман-Стальский аймагына атайын комиссия учуп чыкты. Алар келте чыккан айылдын тургундары менен жолугуп, шектүү адамдарды медициналык текшерүүдөн өткөрөт.


Нарын АЙЫП, Прага