Брюссель шаарында Иран менен Европа Биримдигинин ортосундагы байланыштар боюнча сүйлөшүүлөр башталды

Европа Биримдигинин тышкы байланыштар боюнча комиссары Крис Паттен Биримдик менен Ирандын ортосундагы байланыштарды күчөтүүгө чакырды. Брюссель шаарында 5-февралда Европа Биримдиги менен Ирандын ортосундагы соода байланыштар боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы башталды. Брюссель саясатчыларынын пикиринде, сүйлөшүүлөр учурунда Ирандагы адам укуктарынын абалы да талкууланууга тийиш, бирок Иран жетекчилери ага каршы.