НАТО уюму Ирак кризисин 6-февралда талкуулайт

НАТО уюму 6-февралда атайын жыйын өткөрүп, Ирак кризисин талкуулону пландаштырууда. Уюмдун саясатын аныктаган Түндүк Атлантикалык Кеңеш ал тууралуу 5-февралда чечим чыгарды, анткени АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Ирак боюнча кошумча маалымат жарыялоого тийиш. АКШ январь айында НАТОго кайрылып, эгер Иракка каршы согуш башталса, Вашингтонго көмөктөшүүнү суранган.