Араб Лигасынын башкы катчысы Амр Мусанын айтымында, АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл жарыялаган маалыматтардан кийин, Бириккен Улуттардын инспекторлору менен болгон кызматташуусун Ирак өкмөтү эми кеңейтип-жакшыртууга тийиш. Ошол эле учурда, Мусанын пикиринде, Пауэллдин бул маселе боюнча Коопсуздук Кеңешинин алдында чыгып сүйлөгөнү - Иракка каршы согуш баштоо-баштабоо маселесин Бириккен Улуттар гана чечиш керек экендигинин далили. Европа Биримдигинин тышкы саясатын аныктаган Хавье Солананын пикиринде дагы, Ирак маселесин Бириккен Улуттар гана чечүүгө укуктуу.