Президент А. Акаев Кыргызстандын мусулмандарын Курман айт менен куттуктады

БИШКЕК. Президент Аскар Акаев 11-февраль күнү Кыргызстандын мусулмандарын Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Өз куттуктоосунда мамлекет башчысы Курман айттын маани-маңызына токтолуу менен бул майрам Кыргызстандын Конституциясынын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча жалпы элдик референдумга катарлаш келгенин белгиледи. Президент ошондой эле Курман айтта Кыргызстандын калкына тынчтык, бакубат турмуш каалады.