Лондондун башкы аэропортун аскерлер кайтарууга алды

Британиянын баш калаасындагы "Хисроу" аба бекетинде террористтик чабуулдан коргоо үчүн 400дөн ашык аскер жайгаштырылды.
Лондон полициясы Британиянын булуң-бурчундагы мечиттерде белгиленип жаткан Курман айттын соңунда экстремисттер чабуул жасашы мүмкүн экендигин билдирди. Аскерлер Лондондогу башка объектилерди да кайтарууга алышты.
Британия АКШ баштаган анти-террордук согушту колдоп чыккандан соң, өлкө исламчыл террористтердин бутасына айланат деген кооптонуу күч алды. 2001-жылдын 11-сентябрында АКШда болгон террордук чабуулдардан кийин Британияда полиция 300 чакты шектүү адамды камакка алып, көбүн кайра бошотту. Полицияга аларды айып койбостон жети күн абакта кармоого укук берилген.