ООГАНСТАН ЭЛ АРАЛЫК КЫЛМЫШ СОТУНА КОШУЛДУ

Ооганстан жакында расмий түрдө БУУнун Эл аралык кылмыш сотуна кошулду. Ооган бийликтеринин мындай чечими эл аралык укук коргоо уюмдары тарабынан кубаттоого алынууда.
Эл аралык кылмыш сотуна 10-февралда расмий түрдө кошулган Ооганстан анын 89-мүчөсү болду. Эми келечекте Ооганстандын расмий өкүлдөрү жана эч кимди көзүнө илгиси келбеген аскер башчылары адамзатка каршы жасаган кылмыштары үчүн жазаланышы мүмкүн. Ооганстанда соңку жыйырма жылдын ичиндеги согуштарда оң миңдеген адамдар өмүрүнөн айрылды. Карапайым оогандар он жылдан ашуун убакыт ички тайпалык согуштун курмандыгы болуп келди. Ал согуштарда активдүү роль ойногон ооган аскер башчылары соттун куугунтугунан дээрлик эркин болгону белгилүү. "Human Rights Watch" уюмунун өкүлү Урми Ша айымдын пикиринде, Ооганстандын Эл аралык кылмыш сотуна кошулушу - маанилүү окуя:

- Бул акыркы жыйырма жылдагы согуштарда аскер башчылары өз аракеттерин эч жазалануусуз жүргүзгөнүн эске алганда, Ооганстан үчүн мамлекет катары маанилүү учур. Ооганстандын азыркы өкмөтү адам укуктары маселесине олуттуу мамиле кылаарын көргөздү. Келечекте аскер башчылары , өкмөт өкүлдөрү, жергиликтүү полиция, же өкмөт менен байланышпаган башка топтор тарабынан жасалган кылмыштар Эл аралык кылмыш сотунун юрисдикциясына илинет.

Укук коргоочунун пикиринде, албетте, Ооганстандын Эл аралык кылмыш сотуна кошулушу өлкөнүн согушчан маанайдагы аскер башчыларына кандай таасир берээрин күн мурунтан болжош кыйын. Бирок, бул аларга эл аралык коомчулук байкоо салаарын каңкуулайт:

- Бул - сиз туура эмес иштериңиз үчүн жөн эле кетип кала албасыңызды каңкуулаган белги. Сиз оор кылмыш жасап , адам укуктарын, гуманитардык мыйзамдарды бузсаңыз сот жообуна тарта турган механизм бар экени.

Эл аралык кылмыш соту БУУнун геноцид саясатын жүргүзгөндөрдү, согуш кылмыштарын жасагандарды жоопко тарта турган туруктуу трибуналы катары негизделген. Сотту уюштуруу аракеттери акыркы бир нече жылдан бери көрүлүп жатат. Эл аралык Кылмыш Сотунун статусуна ылайык, ал кылмышкерди жазалоого мамлекеттин өзүнүн саясий эрки жетпеген учурда гана киришет. Сот ишин ушул жылдын соңунда баштары күтүлүүдө жана иликтөөгө быйылкы жылдын 1-майынан кийин жасалган кылмыштар алынат. Өткөн аптада соттун 18 судьясы тандалды. Ал эми Башкы прокурору азырынча дайындала элек . Ооганстан Эл аралык Кылмыш Сотуна кошулаар алдында АКШ менен эки тараптуу келишимге кол койду. Кошмо Штаттары Эл аралык Кылмыш Соту чет өлкөлөрдө бейпилдик миссиялары менен жүргөн америкалык аскерлерди куугунтуктоонун куралы ирэтинде пайдаланылышы мүмкүн деген жүйөөдөн улам андан чыгып кеткен. Маселен, Ооганстанда азыр АКШнын бир нече миң аскери бар экени белгилүү. Вашингтон учурда Эл аралык Кылмыш Сотуна мүчө өлкөлөр менен ошондой куугунтукка жол берилбээрин кепилдеген эки тараптуу келишимдерди түзүүдө. Ооганстандын коңшуларынан Тажикстан, Өзбекстан, Иран - Эл аралык соттун мүчөлөрү. Пакистан жана Кытай ага кирген эмес.

Баяндамачылардын болжолунда, Эл аралык кылмыш соту өз өкүмдөрүн чыгара баштаганга чейин көп жылдар талап кылынышы мүмкүн. Бирок, маанилүүсү - келечектеги укук бузууларды алдын алууга жана иликтөөгө багытталган бул жараян акырындык менен болсо да жүрүп жатканы.