Молдо Омор мекендештерин АКШга жана ооган өкмөтүнө каршы ыйык согушка үндөдү

Ооган талиптеринин издөөдө жүргөн жолбашчысы молдо Омордун атынан делип, жогорудагыдай чакырыктар жазылган кат Пакистандын Пешавар шаарында чыгуучу гезиттерге факс аркылуу жөнөтүлгөн. Бул тууралуу "Ооган ислам пресс" агенттиги кабарлады. Өз кайрылуусунда молдо Омор оогандарды АКШнын аскерлерине жана азыркы Кабул өкмөтүнө каршы жихадга же ыйык согушка үндөйт. Молдо Омор жетектеген Талибан кыймылы Ооганстандагы бийликтен АКШ баштаган антитеррордук операциянын натыйжасында 2001-жылдын күзүндө кулатылган.