Арменияда президенттик шайлоо өттү

Добуш берүү аяктаарына 3 саат калганда, оппозициячыл талапкерлер биргелешкен билдирүү таратып, анда президенттин милдетин аткаруучу Роберт Кочарянды шайлоону бурмалаган үчүн айыпташты. Кочаряндын башкы атаандашы – Степан Демирчян баш болгон оппозициячылар кол койгон билдирүүдө президенттик шайлоодо бир кыйла кемчиликтер кетирилгени, бюллетендер алдын-ала салынып, добуштар сатылганы айтылат. Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү убакыт боюнча саат 16.30га чейин өлкөдөгү шайлоочулардын 43%ына жакыны добуш бергенин билдирген. Армениядагы президенттик шайлоого 200дөй көз карандысыз байкоочу көз салды.