Париж шаарында эң өнүккөн жети мамлекеттин өкүлдөрүнүн жыйыны болуп өттү

Дүйнөнүн эң өнүккөн жети мамлекетинин каржы министрлери менен банк жетекчилери бүгүн Париж шаарында жолугуп, дүйнөлүк экономика маселелерин талкуулады. Жолугушууда - бардык өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасындагы өсүш мурда пландалгандан төмөн чыгып жаткандыгы жана ага каршы биргелешкен чара көрүү керек экендиги белгиленди. Жыйынга АКШ, Алмания, Жапания, Италия, Канада жана Улуу Британиянын өкүлдөрү менен Европа Биримдигине азыр төрагалык кылган Грекия жана Европанын борбордук банкынын президенти катышты.