Кыргызстандан илбирстерди чыгарып кетүү аракети ишке ашкан жок

БИШКЕК. 24-февралда Бишкекте бир айлык гастролу менен болгон Казакстандын «Москва-Империал» циркинин кызматкерлери Кыргызстандан 2 илбирсти мыйзамсыз түрдө алып кетүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу маалымат ушул эле күнү Мамлекеттик токой кызматына жана биргелешкен кыргыз-немис «Илбирс» долбооруна түшкөн. Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук кызматынын, Ички иштер министрлигинин жана «Илбирс» долбоорунун өкүлдөрү «Москва-Империал» циркинин жаныбарлары жүктөлгөн машиналарды текшерип чыгышты. «Москва-Империал» циркинин администратору Александр Спичев жана Кыргыз мамлекеттик циркинин директору Таштан Жолдошбеков бул фактыны көпкө чейин караманча танганына карабастан, цирктин машинасынан бекитилген 2 илбирс табылды. Бул факты боюнча Ички иштер министрлигинин кылмышкерлерди издөө башкармалыгы кылмыш ишин козгоду.
Мамлекеттик токой кызматынын маалыматы боюнча, учурда Кыргызстандын аймагында 250-300гө жакын гана илбирс бар. Ал да тукум курут болуп кетүү коркунучу алдында турат. Акыркы 10 жыл ичинде эле Кыргызстандан мыйзамсыз жолдор менен 800гө чукул илбирс четке чыгарылып кеткен.