ВАШИНГТОН. “Нью-Йорк таймс” жана “Вашингтон пост” гезиттеринин айтымында, өткөн жумада Халид Шейх Мухаммед менен бирге кармалган Мустафа Ахмед Хавсави деген киши террорчуларды Бириккен Араб Эмирликтериндеги банк эсептер аркылуу каржылап турган. Хавсавинин аты АКШнын эл аралык террорчулукка байланыштуу жарыяланган эки документинде аталган.