Бүгүн АКШнын президенти Жордж Буш менен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча башкы комиссары Серджио ди Мелло Ирак проблемасын талкуулап жатышат

ВАШИНГТОН. Башка проблемалардын катарында Жакынкы Чыгыш маселеси жана Ал-Кайыда террорчуларынын Гвантанамо аскердик базасында кармалып жатышына байланышкан проблемалар бар. ООН террорчулукка каршы күрөш мыйзам чегинде жүргүзүлүүгө тийиш деп эсептейт.