Орусиянын билим берүү министри Кыргызстанга иш сапары менен келет

БИШКЕК. 20-мартта Кыргызстанга Орусиянын билим берүү министри Владимир Филиппов баш болгон делегациясы иш сапары менен келет. Иш сапарынын учурунда орусиялык делегациянын башчысы Кыргызстандын билим берүү министри Ишенгүл Болжурова менен жолугушуп, келечекте эки өлкөнүн Билим берүү министрликтеринин ортосундагы карым-катнашты чыңдоо боюнча сүйлөшүү жүргүзөт. Мындан тышкары орусиялык министр Бишкек гуманитардык университетинде болуп, Кыргызстандын жогорку жана орто окуу жайларынын өкүлдөрү менен өткөрүлө турган «тегерек столго» катышат. Бул тууралуу маалымат бейшемби күнү Кыргызстандын Билим берүү жана маданият министрлигинен алынды.