Орус ишкер фирмалардын өкүлдөрү жана алардын үй бүлөөлөрү Ирактан ушул жекшембиге чейин атайын учактар менен чыгарылып кетет. ИТАР-ТАСС кабар агенттигинин маалымдашынча, орусиялыктарды эвакуациялоо үчүн бүгүн Москвадан Багдадга алгачкы учак жөнөтүлүүдө. Бирок Орусиянын Багдаддагы элчилиги ачык бойдон кала берет.