Баткенде салтанат өттү

Облустун социалдык, экономикалык жана маданий өнүгүүсүнө зор салым кошкон эмгек алдыңкылары, ишкер айымдар жана баатыр энелер болуп жүздөн ашуун аял катышкан салтанатта облус губернатору Мамат Айбалаев куттук сөз айтты. Губернатор аялдарга жакшы тилектерди каалап, аларды облустун өсүп-өнүгүшүнө ар тараптуу салым кошууга үндөдү. Салтанат катышуучуларына сый тамак берилип, майрамдык белек-бечкектер тартууланды. Аземди республиканын эмгек сиңирген артисти, белгилүү обончу Апас Жайнаков баштаган өнөрпоздор жана жергиликтүү таланттар ыр бийлер менен коштоп турду.