ИРАК СОГУШУ КАНЧА КАРАЖАТТЫН КУНУНА ТУРАТ?

Тынчтыкбек Чоротегин, Прага шаары Эгерде Иракта согуш башталчу болсо, анда аскерлерден оболу, нечендеген карапайым кишилер бөөдө ажалга кириптер болушу ыктымал. Согуш келтирчү жалпы каржылык чыгым да астрономиялык санга – бир жарым триллион долларга чейин жетиши мүмкүн.
Иракта согуш башталышы ыктымал деген сарсанаа ойлор улам күчөгөн чакта, экономисттер согуштун болжолдуу чыгымы тууралуу ар кыл жоромолдорун ортого салууда. Кеп, мында, ойрон болгон, бүлгүнгө учураган ишканалар, чарба тармактары, имараттар жөнүндө гана эмес, калайыктын согуштан кийинки тиричилигин калыбына келтирүү, бүлгүнчүлүктөн өлкөнү жана кеңири аймакты чыгаруу үчүн жумшалчу каражат жөнүндө да кетип жатат.

АКШ Ак Үйүнүн экономика боюнча кеңешчиси Лоренс Линдсейдин оюнча, Кошмо Штаттар үчүн бул согуш аракеттери кеминде 100 миллиард долларга турушу мүмкүн. Ал эми АКШнын Коргоо министри Доналд Рамсфелддин эсебине караганда, согуш чыгымы жогоруда айтылган каражаттын жартысына гана туура келет.

Бирок соңку иликтөөлөр Линдсейдин эсеби чындыкка төп келиши мүмкүн экенин көрсөтүүдө. Маселен, “Лос Анжелес таймс” гезити дал ушундай пикирди жарыялады. Ал эми айрым америкалык көз карандысыз экономисттердин эсебине караганда, согуштан кийинки кайра куруулардын чыгымын кошкондо, анда жалпы согуш чыгымы бир жарым триллион долларга тете болушу мүмкүн.

Согуштук чыгымдардын олуттуу үлүшү АКШнын ырааттуу ынтымакташы Улуубританияга туура келээри бышык. Өлкөнүн каржы министри Гордон Браун жаңы согуш Улуубританиянын казынасына 3 миллиард долларга жакын түйшүк келтирээрин кеп кылса, көз карандысыз экономисттер британдык чыгым мындан эки эсеге көптүк кылышы ыктымал дешүүдө.
Гордон Браун мырза:

- Эгерде аскердик иш-чарага өтүү зарыл болуп калса, коргонуу жана аскердик камылгалар үчүн жумшалсын деп былтыр бир миллиард фунт акча бөлүп койгом. Өткөн айда мен бул максатка кошумча 750 миллион фунт бөлдүм.

Гордон Браун мырза британ аскерлери өз милдетин өтөсүнө чыгаарынан күмөн санабай турганын да белгилей кетти.

Серепчилер АКШ менен Британиянын бийликтери согуштук чыгымдарды өздөрү үчүн дурусураак натыйжа берчү вариантка ылайыкташтырып эсептешкенин айтышууда. Эгерде Саддам Хусейн химиялык же биологиялык кыргын куралдарына тап койчу болсо, анда согуш эч күтүлбөгөндөй жана эсептөөгө кыйын алааматты пайда кылышы да ыктымал. Согуш бүлгүнчүлүгүнөн чыгуу аракети эле АКШ үчүн бир нече жүз миллиарддаган долларга турмакчы.

Эми Британиянын Йорк университетинин өкүлү Кейт Хартлинин АКШ жана Британ өкмөттөрүнүн эсептери тууралуу пикирин угалы:

- Алар согуш чыгымын азайтып көрсөтүүнү каалашат. Албетте, эгерде алар согуш үчүн сарпталчу каражат тууралуу тагыраак түшүнүккө ээ болсо, жана бул маалыматты калайыкка жарыялачу болсо, анда болжолдуу душман алдыдагы согуштун масштабы жана аскердик өнөктүктүн пардасынын артындагы ой-мүдөө тууралуу кабардар болуп калат дей бериңиз.

Хартли мырза согуш чыгымы тууралуу маалымат өкмөттүк жашыруун сырга жатаарын түшүнүү кыйын эмес деп санайт. Анын үстүнө, калктын көпчүлүгү согушка каршы маанайын ачык билдирип жаткан Британия сыяктуу өлкөлөрдүн өкмөттөрү үчүн согуш чыгымы темасы өтө тозок иш. “Ооруканалары начар, мектеп үчүн каражаты тартыш өлкө согушту эмне кылат экен. Алык-салыктан чогулган акчаны башка ылайыктуу максатка жумшоо эп эмеспи”, - дешет бир катар карапайым британдыктар.

Хартлинин сунушу өтө кызык: “100 миллиард долларды жөн эле согушка коротуп салбастан, анын 20 миллиардын Саддамга берсең, ал сүйүнгөн бойдон кызматынан жана өлкөдөн кетет, ал эми 50 миллиард долларды ирактыктарга экономикаңарды чыңдап алгыла деп бергиле. Ошондо ары жакта дагы 30 миллиард доллар үнөмдөлүп калып жатпайбы!”

Албетте, Хартлинин азилин жүзөгө ашырсак, эртең эле улам жаңы Саддамдар эл аралык коомчулуктан акча талап кылып чыгаары бышык.