Кыргызстанга ЕККУнун өкүлү келет

БИШКЕК. 14-мартта Кыргызстанга Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун азыркы төрагасынын жеке өкүлү, элчи Даан Эвертс келет. Анын иш сапарынын максаты - Кыргызстан менен ЕККУнун кызматташуусун мындан ары өнүктүрүү маселесин талкуулоо. Элчи Кыргызстандын жогорку жетекчилери менен жолугушмакчы. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.