Кемелбек Нанаев Кыргызстандын Орусиядагы жана Финляндиядагы элчиси болду

БИШКЕК. Орусия Федерациясындагы Кыргызстандын элчиси Кемелбек Нанаев Президенттин жардыгына ылайык 11-марттан баштап Кыргызстандын Финляндиядагы элчисинин милдетин да кошо аткара турган болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы 13-мартта билдирди.