Баш кеңсеси АКШда жайгашкан эл аралык уюмдун кайрылуусу учурда Кытай парламентинин Пекинде өтүп жаткан сессиясынын дарегине багышталган. Анда белгиленгендей, Журналисттерди коргоо комитети Кытайда акыркы 20 жылда негизинен контр-революциялык ишмердүүлүгү жана мамлекеттик түзүлүшкө шек келтиргени үчүн соттолгон 39 журналист жөн гана өзүлөрүнүн кесиптик милдетин аткарып жүргөн деп эсептейт. Абактагы журналисттердин көпчүлүгү соңку үч жылдын ичинде соттолгон.