Бомбей шаарында болгон жардыруудан өлгөндөрдүн саны он бирге жетти

13-март күнү кечинде Индиянын Бомбей шаарындагы поездде болгон жардыруудан өлгөндөрдүн саны 11 адамга жетти. Дагы жетимиштен ашык адам жарат алды. Мындан 10 жыл мурда дагы 12-мартта Бомбей шаарында жардыруу болуп, 250 адам каза тапкан. Ал жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө ислам террорчу уюмдары алган, азыркы жардырууну ким уюштурганы азырынча белгисиз.


Нарын АЙЫП, Прага