Суу тартыштыгы Киото конференциясында талкууланат

Япониянын Киото шаарында суу маселесине арналган эл аралык конференция ачылды.
Жыйында сууну айыл чарбасында үнөмдүү пайдалануу, аба ырайынын өзгөрүүсү жана дүйнөдөгү сууга тартыш 1 миллиард 400 миллион адамды таза суу менен камсыздоо сыяктуу проблемаларды 150-дөн көп өлкөдөн келген делегаттар менен бейөкмөттүк уюмдардын өкүлдөрү талкуулашат.
Конференция Киотого удаа эле Осака жана Шига шаарларында өтөт.


Амирбек Азам уулу, Прага