НАРЫН. Көңүл айтуу катында негизинен Аксы окуяларынын күнөөкөрлөрү кескин айыпталып, Үзөңгүкууш аймагынын Кытайга берилиши жана Башмыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор туура эмес экендиги айтылган. Коммунист Мурат Ассакунов нарындык коммунисттердин атынан: «Биз, нарындык коммунисттер жана Ишенбай Кадырбековду коргоо комитетинин мүчөлөрү, 2002-жылы 17-мартта акыйкат үчүн курман болгон балдардын үй-бүлөлөрүнө, жоро-жолдошторуна, бир туугандарына дагы бир жолу терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Бийликтин азыр бүткүл Кыргызстандын элине, оппозициялык депутаттарга карата жүргүзүп жаткан саясатына каршыбыз», - деп билдирди.