Ирактан бир миллион киши качып чыгышы мүмкүн

Жардам уюмдары согуштун айынан ушунча качкынга жардам берүү зарыл болоорун билдиришти. Качкындардын алдыңкы катары - Судандын 270 чакты жараны кечээ Ирактан Иорданга өтүп келди. Иранга келе турган качкындар үчүн Бириккен Улуттар уюму Тегерандын өкмөтүнө 1 миллион доллар чукул жардам көрсөттү. Германия бул максатка 10 миллион евро бөлүүгө даяр экендигин бышыктады.
Ал эми Кошмо Штаттары мамлекеттик резервден 600 миң тонна буудай бөлөөрүн кабарланды.