Багдадга 160 чакырым калганда коалициялык аскерлер кеминде төрт жерден каршылыкка кабылышты. Уруштар Ирактын деңиз жээгиндеги маанилүү Умм-Каср портунда уланууда.Ирактын телекөрсөтүүсү салгылашуулар Багдаддан 150 чакырым түштүктөгү Нажаф шарында жүрүп жатканын кабарлады.Коалициялык аскерлер Насирия шаарына да чабуул койууда. Ирактын вице - президенти Таха Яссин Рамадандын билдирүүсүнө караганда, коалициялык күчтөр шаарлар менен кыштактардын баарында катуу каршылыкка туш болот, алардын жеңишке жеңил жетебиз дегени - жаңылыштык. Бүгүн Багдадга жана президент Саддам Хусейндин кичи мекени – Тикрит шаарына абадан сокку урулду. Ирактын теле көрсөтүүсү аскерий өкүлдөр менен жыйын өткөрүп жаткан президент Саддам Хусейнди көргөздү. Жыйын качан жана кайсыл жерде өткөнү айтылган жок.