Тони Блэр Вашингтонго келди

АКШ президенти Жорж Буш менен Тони Блэрдин сүйлөшүүлөрү Кемп-Девид резиденциясында өтөт. Т.Блэрдин айтымында,сүйлөшүүлөрдө Ирактагы согуш аракеттеринин жүрүшү, согуштан кийинки Иракты калыбына келтирүүгө жана Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу жараянына байланышкан маселелер талкууланат.