"Биз баштагыдай эле Ирактагы аскерий операцияларды дароо токтотуу – бирден бир туура чечим болмок деп эсептейбиз жана бул кризисти Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинин алкагында саясий жолдор аркылуу жайгаштырууну жактайбыз", - деди орус президенти. Бул көз карашын Путин бүгүн Орусиянын парламент мүчөлөрүнө билдирди.