Президент Буштун айтымында, Ирактагы согуш план боюнча жүрүп жатат

АКШ президенти Жорж Буш 28-март күнү кечинде Вашингтон шаарында аскерий ардагерлер менен жолугуп, Ирактагы согуш ойдогудай жүрүп жатат деп билдирди. Анын айтымында, Саддам Хусейндин режимине каршы аскерий аракеттер туура нукта өнүгүүдө, бирок Ирак өкмөтү туткунга түшкөн америкалыктарга дагы, өз элине да каршы ырайымсыз мамиле кылууда, мисал үчүн америкалыктарга багыналы деген ирактык аскерлерге каршы ок атылууда. "Андай аскерий кылмышкерлер сөзсүз кармалат жана катуу жазаланат",- деп билдирди Буш. Андан тышкары Буш Конгресске кайрылып, Ирактагы согушка дагы кошумча 75 миллиард доллар каражат бөлүп берүүнү суранды. АКШ жетекчилигинин айтымында, жакын арада Иракка дагы кошумча жүз миңге жакын аскер жиберилет.